Кыргызстан "Талибан" кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды

Кыргызстан "Талибан" кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу кэчээ, 6-сентябрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, ТИМ өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргызстандын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктайт.

"Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган. Кыргызстан Афганистанда жана бүтүндөй аймакта туруктуу жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстан "Талибан" кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруусу боюнча Кремль комментарий берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан