8 жаштагы Дауд Мустафаевдин денесинин 70 пайызы күйүп калган. Ага 9 миллион рублдан ашык каражат керектелет. Апасы Айзирек Абдыганы кызы Кыргыз элинен жардам сурап кайрылды.
Апасынын айтымында, Дауд мындан эки жыл мурда кырсыктап, денесинин 70 пайыз бөлүгү күйүп калган.
"Аллахтан сыноо келип, уулум Дауд 6 жашында кырсыктап күйүп калган. Буга чейин 14 оор операцияны башынан өткөрдү. Дауддун өзүндө донордук тери калбагандыктан жаңы методика менен тери өстүрүүгө мажбур болуп жатабыз. Эгерде тери өстүрө алсак дагы көптөгөн оор операциялардын алдын алабыз. Биз эки жылдан бери Дауддун ден соолугу менен күрөшүп келебиз. Учурда анын абалы өтө оор. Дауддун денесинин көп пайызы күйүп калгандыктан сөөктөрү чачылып кеткен. Түнү менен уктай албай аябай кыйналып чыгат", - деди Айзирек Абдыганы кызы.
Ошондой эле ал Дауддун терисин алмаштырууга 9 миллион рублдан ашык каражат керектелерин айтты.
"Эгерде биз 9 миллион 781 миң 840 рубль чогулта алсак Даудга жаңы тери өстүрүп, ден соолугун сактап кала алабыз.
Урматтуу Кыргыз элим, сиздерден кайдыгер карабай жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз", - деп кошумчалады Айзирек.
Дауд Мустафаевге жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Сбербанк онлайн: +79687965268 Руслан-атасы;
Тинькофф онлайн: +79671903552 Айзирек-апасы;
Мбанк: +996502654872 Бактыгул Т- эжеси
О! Единица аркылуу: +996502654872
Оптима Виза: 4169 5853 5734 3127 BAKTYGUL TOICHIEVA
Сбербанк номер аркылуу: 2202 2081 2516 0425 Руслан