Акылбек Жапаров да жардамчыларын ээлеген кызматтарынан бошотту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коомдук башталыштагы бардык жардамчы, кеңешчилерин иштен алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Минимтрлер кабинетинен билдиришти.
Маалым болгондой тиешелүү буйрукка Акылбек Жапаров кол койгон. Мындай чечим Президенттик администрацияны реформалоо жана башкаруу системасын жакшыртуунун алкагында кабыл алынган.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров өз милдеттерин коомдук башталышта аткарган бардык жардамчыларды жана кеңешчилерди бошотуу чечимин кабыл алган.