Садыр Жапаров бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат

Эртең, 8-сентябрда президент Садыр Жапаров Казакстандын Астана шаарына Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Кезектеги оюндар Казакстандын борборунда 9-12-сентябрь аралыгында өтөт. Иш-чарага 80ден ашуун өлкөдөн 3000ден ашык спортчулар катышат", - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан