Рэп аткаруучу Моргенштернге чет элдик агенттин милдетин аткарбагандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу чкт элдик басылмалар жазышууда.
"Алишер Моргенштернге карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи бөлүгү (Орусиянын чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамдарында каралган милдеттерди аткаруудан качуу) боюнча кылмыш иши козголду", - деп билдиришти укук коргоо органдары.
Моргенштерн узак убакыт бою Telegram каналында жана YouTube сайтында чет элдик агенттин белгилерисиз материалдарды жарыялаган.
Бул берене боюнча эң аз жаза 300 миң рублга чейин айып пул, ал эми эң жогорку жаза эки жылга чейин эркинен ажыратуу.