Парижде 26 миңдей адам жаңы премьер-министр Мишель Барньенин дайындалышына каршы демонстрацияга чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Солчул көз караштагы француздар нааразылык акциясына чыгышты. Алар президент Эммануэль Макрон бийликти басып алды деп эсептешет.
Башка Нант, Ницца, Марсель жана Страсбург шаарларында да нааразылык акциялары өттү.
Белгилей кетсек, 7-сентябрдагы нааразылык акциясын эң ири радикал солчул "Баш ийбеген Франция" партиясынын башчысы Жан-Люк Меленшон чакырган. Ал буга чейин Барньенин бул кызматка дайындалганын сындаган.