"Эгемен Казакстан" гезитинин журналисти Талгат Батырхан Кыргыз элинин патриоттуулугу, намыскөйлүгү, каада-салттарын, баалуулуктарын бийик туткандыгы тууралуу макала жазды.
Анда ал кыргыздардан үйрөнө турган нерселер көп экендигин жазган.
"Кыргыздарга абдан кызыгамын. Өтө намыскөй эл. Улуттук баалуулуктарды ыйык тутат, салттарын карманат, үрп-адаттарын бекем сактайт. Тестиер баласынан эл башкарган президентине чейин ак кийиз қалпагын башына кийип жүрөт. Айта берсек, Ала-Тоонун ар жагын жайлаган бул бир туугандарыбыздан үйрөнө турган нерселер көп", - деп белгилеген журналист өз макаласында.
Ошондой эле ал эч кандай адабият, маданият өкүлдөрү эмес, қарапайым эле кыргыздар "Манас" эпосун ыйык тутуп, жатка билери тууралуу да баса белгилеген.
Мындан тышкары Талгат Батырхан кыргыз журналисттери да патриот экенин айтып өткөн.
"Кытайдын жалпыга маалымдоо каражаттарынын корреспонденттери келген меймандардан интервью алуу менен алек болуп жатышты. Ар бирибиз өзүбүздүн таасирленгенибизди көркөм жеткирүүгө аракет кылып жаттык. Ааламдын жети кереметинин бирин көрүп суктанып турганыбызда кыргызстандык жаш кесиптешим кулагыма шыбырап калды. «Бул биздин Манас баатыр атайылап чапкан жер да. Бүткөн боюмду мактаныч, сыймыктанган сезим ээлеп алды. Кытайлар сырттан келген чапкынчылардан коркуп ушундай коргондорду салышкан да!", - деген ал.
Мындан тышкары ал өз макаласында кыргыздын сыймыктары Саякбай Каралаев, Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев, Сүймөнкул Чокморов тууралуу да жазган.
"Кыргыздар – чындыгында, адам кызыгарлыктай калк. Үлгү аларлыктай каада-салттары бар. Биз алардын кээ бирлерин гана атап өттүк. Демек, эгиздин сыңарындай бир тууган элдин жан кубанткан жакшысын үйрөнгөндүн эч айыбы жок", - деп кыргыздарга суктанган.