Казакстанда мектептердин биринде 140тан ашык окуучу тамактан ууланды

Мангыстауда ууланган мектеп окуучуларынын саны 140тан ашты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Бесшокы айылында окуучулардын массалык уулануу фактысы катталды. Акыркы маалыматтар боюнча, 141 бала медициналык жардам сурап кайрылган. Анын ичинен 82 мектеп окуучусу эмканада дарыланса, 43ү үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө, ал эми 16 бала ооруканада.

Облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгы бардык керектүү дары-дармектер жана шейшептер жетиштүү көлөмдө бар экенин билдирди. Тез жардам бригадалары калкка тез жардам көрсөтүү үчүн толук күч менен иштөөнү улантууда.

Белгилей кетсек, окуя №8 мектепте болуп, анда 1-нөөмөттөгү 1-4-классынын окуучулары массалык түрдө мектептин ашканасында ууланган. Күнөөлүүлөр жоопко тартылып, облустун акими кырдаалды жеке көзөмөлүнө алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан