Тель-Авивде жана башка шаарларда митингге чыккандар 11 айдан бери палестинакалык радикалдар Газа секторунда барымтада кармап турган туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Апталык иш-чарага айланган эң ири нааразылык акциясы Тель-Авивдин борборунда өкмөттүк имараттар комплексинин жанында өтүүдө. Тез жардам бригадалары жана полициянын ири күчтөрү нөөмөттө турушат, алар шаардын борборундагы унаа кыймылын жабышкан. Буга чейинки нааразылык акцияларында бир нече жолу башаламандыктар орун алгандыктан, алар башка магистралдарды тосуу үчүн тосмолорду орнотууда.
Массалык демонстрациялар Израилде Газада алты туткун өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат тарагандан кийин башталган.