Индиянын Нью-Дели шаарында Азиянын Олимпиадалык кеңешинин (ОКА) 44-Башкы ассамблеясы өтүп, анын алкагында уюмдун жетекчилик кызматтарына шайлоолор болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, ОСАнын президенттигине уюмду убактылуу жетектеген Раджа Рандхир Сингх шайланды. Ошондой эле 5 аймак боюнча вице-президенттер шайланды.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Атабек Умаров Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Иран жана Ооганстан кирген Борбор Азия аймагы боюнча уюмдун вице-президенти болуп шайланды.
Буга чейин ал Ташкент-2025 жаштар арасындагы Азия оюндарын өткөрүү боюнча вице-президент болуп иштеп келген.