Эл аралык кылмыш трибуналы (ICT) Бангладештин мурдагы премьер-министри шейх Хасинаны Индиядан экстрадициялоо процессин демилгеледи. Хасина 5-августта массалык нааразылыктар аны бийликтен кулатууга алып келген соң коңшу өлкөгө качып кеткен.
"Негизги кылмышкер өлкөдөн качып кеткендиктен, биз анын кайтып келиши үчүн мыйзамдуу жол-жоболорду баштайбыз. Ал Бангладештеги кыргындын башкы айыпкери деп жарыялангандыктан, биз аны мыйзамдуу түрдө Бангладешке кайтарып берүүгө аракет кылабыз", - деди ICTнын башкы прокурору Мохаммад Тажул Ислам.
Хасина 15 жылдык башкаруусунда адам укуктарын одоно бузгандыгы, анын ичинде саясий оппоненттерин массалык түрдө камоолор жана сотсуз өлтүрүүлөр үчүн айыпталууда. БУУнун алдын ала билдирүүсүнө ылайык, аны бийликтен кулатууга чейин 600дөн ашуун адам набыт болгон.
Кырдаал Бангладеш менен Индиянын ортосунда 2013-жылы кол коюлган экстрадиция боюнча келишимдин бар экендигинен улам татаалдашты. Ал келишимде эгер кылмыш иши “саясий мүнөздө болсо” экстрадициялоодон баш тартууга мүмкүндүк берет деген пункт бар.
Хасинаны экстрадициялоо талабы Бангладеште Индияга каршы маанайдын күчөшүнө жана Дакка менен Делинин ортосунда тирешүүнү жаратты. Бангладештеги оппозициялык күчтөр Хасинаны өз мекенинде соттош керек деп талап кылууда.