Бүгүн, 10-сентябрдагы Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков оң рулдуу унааларды өлкөдөн чыгарылып жаткан унааларга алмаштырууну сунуштады.
Ал мыйдамда оң рулдуу унаалардын кирүүсүнө тыюу салынганын эске салды.
"Бирок ЕАЭБдин алкагында абдан көп унаалар кирип жатат. 2-3 жылдын ичинде канча унаа кирди?", - деди Сыдыков.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Жеңишбек Жоробеков оң рулдуу унаалар каттоодон өтпөгөндүктөн так цифра жок экенин, бирок өлкө боюнча 100 миңге жакын экенин айтып жооп берди.
Эл өкүлү бул унааларга ЕАЭБ алкагында болсо дагы тыюу салынышы керектигин белгилеп, аларды жоюунун жолун сунуштады.
"Өкмөт оң рулдуу унааларды алмаштырыш үчүн бир программа иштеп чыкса болот. Оң рулдууну тапшырып же сатышсын дагы өлкөдө чыккан унааларды алсын", - деди ал.
Белгилей кетсек, 18-июлда Чүй облусунун Ак-Суу айылында унаа чогултуучу завод ишке кирген болчу. Завод негизинен Chevrolet үлгүсүндөгү жеңил унааларды, Isuzu үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааларды чыгарат.