Кечээ, 9-сентябрь кечинде Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын эгемендигине карата фейерверк атылган учурда "Истиклол" аянтынын жанында өрт чыкты. Бул туурасында чет лдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, борбор калаанын өрткө каршы кызматы окуя болгонун тастыктап, өрт саат 20:31де чыкканын билдиришкен.
«Өрттүн келип чыгышына чөп чабуудан кийин калган куураган чөптүн үстүнө түшкөн фейерверктин учкундары себеп болгон», - деп белгилейт кызмат.
Өрттүн аянты 20 чарчы метрди түзгөн. Окуя болгон жерге тез арада өрт өчүрүүчүлөр жетип барып, эки өрт өчүрүүчү машина менен 15 мүнөттүн ичинде өрттү өчүрүшкөн. Эч ким жабыркаган эместиги маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, кечээ, 9-сентябрда Тажикстандын гемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы белгиленген.