Англиянын футбол курамасынын беш жыл жетектеген алгачкы чет элдик машыктыруучу швециялык Свен-Йоран Эрикссон каза болду. Ал 76 жашта болчу. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, Эрикссонго рак илдети боюнча диагноз коюлуп, бир жылга чейин эле жашай тургандыгы айтылган. Ал 8 айдан кийин дүйнө менен кош айтышты.
Ал Италияда, Португалияда жана Швецияда клубдук деңгээлдеги кубокторду жеңип, өзүн атын чыгарган футболист. Ал 27 жашында футболдон кетип машыктыруучу милдетти аркалаган.
2001-жылы өз карьерасында чоң жетишкендиктерди багындырып, Англиянын курама командасын машыктыра баштаган. Ал ошол жылдары Дэвид Бекхэм, Стивен Джеррард жана Уэйн Руни сыяктуу алдыңкы футболчуларды машыктырган.
2002 жана 2006-жылдардагы дүйнөлүк чемпионатта жана эки турнирде тең чейрек финалга команданы алып чыккан.