Алжир менен Мароккодо дем алыш күндөрү жааган жамгырдан улам сел каптап, кеминде 23 киши каза болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар маалымдашты.
Алардын билдирүүсү боюнча: Мароккодо 18 адам өлүп, тогузу дайынсыз жоголсо, Алжирде беш киши каза болгонун жергиликтүү бийлик билдирген.
Марокконун түштүгүндөгү тургундар электр жарыгысыз калып, ичүүчү суу да көйгөй жаратууда. Табигый кырсыктын кесепетинен ондогон үйлөр урап, унаа жолдору бузулган. Атап айтканда, Тата, Тизнит жана Эр-Рашидия аймактары жабыркаган.
Алжирдин кээ бир райондорунда сел көпүрөлөрдү бузуп, темир жол кыймылын үзгүлтүккө учуратты. Өлкө бийлиги жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн миңдеген куткаруучуларды жөнөткөн.