Трамп менен Харрис дебатта Путиндин ысымын 12 жолу айтышты

АКШнын ABC телеканалындагы шайлоо алдындагы дебатта АКШ президенттигине талапкерлер Камала Харрис менен Дональд Трамп орус лидери Владимир Путинди кеминде 12 жолу айтышты.

РИА Новости тактагандай, дебат учурунда Трамп Украинаны алты жолу, Орусияны тогуз жолу, Орусиянын президенти Путинди сегиз жолу атаган.

Харрис өз кезегинде Украинаны беш жолу, Орусияны эки жолу, Орусиянын президенти Владимир Путинди төрт жолу атаган.

Ошондой эле дебатта Камала Харрис дүйнө лидерлери Трампты шылдыңдап жатканын белгилеген.

Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Дональд Трамп расмий түрдө Республикалык партиядан мамлекет башчылыгына көрсөтүлгөн. Учурдагы вице-президент Камала Харрис демократ катары шайлоого катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан