Тажикстан дагы жарандарына убактылуу Москвага барбай турууну сунуштады

Тажикстандын Москвадагы элчилиги Орусияга барбай турууну сунуштады. Билдирүү 9-сентябрда аталган элчиликтин Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Ошондой эле Тажикстандын Москвадагы элчилиги Орусияга барууга камданып жаткандарды жолго чыкпай турууга чакырды.

"Орусиянын аба өткөрүү жана чек ара пункттарында чет өлкөлүк жарандардын мамлекеттик чек ара аркылуу өтүшүнө көзөмөлдүн күчөтүлгөн режимине байланыштуу Тажикстандын Орусиядагы элчилиги тажик жарандарына убактылуу аталган аймакка барбоону сунуштайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да кыргыз жарандарын Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан