“Альпинизм жана айымдар”. Эверестти багындырган алгачкы кыргыз айымы Асел Байбагышева менен маек (видео) 

SUPER.KG медиа порталы 2024-жылдын сентябрь айында альпинист айым Асел Байбагышева менен маек курган элек. Анда ал Эверестти багындыруу эң чоң максаттарынын бири экенин айтып берген болчу. Кечээ күнү дал ушул айымдын ошол максаты орундалып, жалпы кыргыз элин кубанычка бөлөдү. Мындан улам ошол маекти кайрадан сиздерге сунуштоону туура көрдүк.

“Тоолор аруулуктун туу чокусун далилдеп, чыныгы адамдык сапаттарды ойготот”. Мындай көз карашты сегиз жылдан бери эркектер менен тең тайлаша бийик чокуларды багындырып келе жаткан альпинист айым Асел Байбагышева билдирди. Кыргыз айымы эки кыз, бир уулду тарбиялоого жетишип, 84 жаштагы апасына убакыт бөлүп, мындан тышкары жашоосунун бир бөлүгү болуп калган альпинизм менен машыгып келет.

Ал жогорку билимдүү, экономика багытында кесиптин ээси. Bookit.kg авиакомпаниясынын эсепчиси болуп эмгектенет. Чокуларды багынтууда үй-бүлөмдүн жана кесиптештеримдин колдоосу чоң деген Асел айым SUPER.KG порталына альпинизм жана андагы жагдайлар туурасында маек берди. Ал биздин порталдын суроолоруна убактысы тар болсо да, бийик чокулардын арасында, машыгуулардын биринде жооп берип жетишти.

Үй-бүлөсү альпинизмди кандай кабыл алат?

Алгач балдарым, апам тоого чыгып, машыгууларды өткөрүп жатканымды туура эле кабыл алып жатышты. Акыркы учурларда интернет айдыңында альпинизмге байланыштуу маалыматтар байма-бай чыгып, катталган окуялардын ачык-айкындуулугу жарыяланып кетип жаткандыгы менин үй-бүлөмдүн да суроосун көбөйттү. Миңдеген суроолор берилип жоопсуз калат. Кээде аларга жооп берүү мага кыйын болот. Анан атайын машыгуулардын негизинде, эрежелерди так сактап барып жатканым менен түшүндүрөм. Бирок бул тобокелчилик экендигин баарыбыз түшүнүп эле отурабыз. Кырсык эч качан айттырып келбейт.

Альпинизмге кантип келген?

- Кыргызстанда туулуп, өсүп, жашооңдун ар бир көз ирмеми ушул өлкөдө өткөн соң тоолорду сүйбөй коюу мүмкүн эмес. Анткени бала чагыңдан тарта тоолор курчап турган мекенде чоңоюп, ал сенин жашооңдун бир бөлүгү болуп калат эмеспи. Жайкысын тоо аралап, гүл терип, эс алсаң, кышында кар жамынган чокуларга суктанып күн кечиресиң. Мен табиятка суктанып тоого чыгып, эркин дем алып, анан бул жактагы жапайы жан-жаныбарларга суктанып, чүкүрү, ышкын сыяктуу кычкыл өсүмдүктөрдү жеп жүрүп эле тоого болгон сүйүүм артып, альпинизмге келип калдым.

Эң биринчи велосипед менен тоо аралап жүргөн курам менен Мугалим чокусуна, 4 миң метр бийиктикке чыгып, анан менин кызыгуум күч алды. Ошол жактан келген соң мага альпинизм багытын түшүндүрүп, тоолорду, чокуларды багындыруунун туура багытын көрсөтө турган адам издей баштадым. Социалдык баракчалардын биринен Бишкектеги технология университетинин алдында атайын окуу бар экендигин билип, ал жактан машыктыруучу Сергей Сильвестрди таптым. Ал киши мага көп нерсени көрсөтүп, багыт берди. Мына ошондон тарта менин жашоомдун маңызы болгон альпинизмди таап алдым. Андан бери 8 жыл өттү, бул спорттун түрү менен машыгып келе жатам.

Альпинизмдеги жетишкендиктер

- 8 жылдык бул жолду басып өтүүм көп эле жетишкендиктерди берди. Бирок булар менен токтоп калууга болбойт. Альпинизм боюнча биринчи разрядды тапшырдым. Спорт чеберининин талапкери болуу үчүн тийиштүү талаптардын баарын аткарып, эми комитеттен менин талапкерлигимдин ырастамасын күтүп жатам.

Ошондой эле мен багындырган чокуларды карап көрсөк: 4 жолу Ленин чокусун багындырдым, 2 жолу Теңир-Тоонун эң бийик чокусу Хан-Теңириге бардым, 1 жолу Алтайдагы Белуха чокусу, 2 жолу 50дөн ашык мөңгүсү бар Орусиянын эң бийик чокусу Эльбруска чыктым.

Ал эми мен үчүн эң бийик чек 8 миң метрден ашык бийиктик болду. Ал Непалдагы Манаслу чокусу. Ал бийиктикти 2022-жылы Кыргызстандын курама командасы менен биргеликте дем алдыруучу аппараты жок багындырганбыз.

Ошондой эле январь айында Ленин чокусуна 6100 метр бийиктикке чыктым, андан соң 4 миң метр бийиктикти багындырдым.

Албетте, алдыда дагы көздөгөн максаттар, багыттар жана каалоолор бар.

Эверестке карай жол

- “Генералдыкты эңсебеген жоокер – жоокер эмес” дегендей эле альпинизмге келген ар бир адам Эверестке максат коёт. Учурда тез арада багындырышым керек деген жалындуу ойлорум жок, бирок максаттарым бар. Албетте, анын баары каражатка барып такалат эмеспи. Демөөрчүлөр, сунуштар түшсө барып багындырып келүүгө эмне жетсин.

8 жылдан бери тынбай эле машыгып келе жатам. Биздин машыгуулар мезгилге, аба ырайына карабай жыл тегерете өткөрүлө берет. Велосипед менен жүрүш жасоо, лыжа тебүү, тоолорго чыгуу, бийиктиктерде түн өткөрүү, чуркоо, сууларда сүзүү, ар кандай көлдөрдү көрүп келүү сыяктуу машыгууларды жүргүзүп турам.

Машыгуулардын максаты бир чокуну багындырууга багытталбайт.

Айымдар жана альпинизм

- Альпинизм – бул күчтү, чыдамкайлыкты, энергияны талап кылган катаал спорттордун түрүнө кирет. Андыктан биздин менталитетте көпчүлүк жарандар эркек кишилер гана багындыра турган, алар гана машыгууга мүмкүн болгон спорт катары тааныйт. Мындай учурда мен эч ким менен талашып, тартыша албайм. Албетте, эркек кишилер жакшы бир натыйжа берет. Бирок учур талабы башка жагдайды көрсөтүп жатат. Азыркы тапта альпинизм менен машыгып, жакшы натыйжаларды көрсөтүп жаткан айымдар бар экендигин баса белгилеп айта кетейин.

Албетте, чокуларды багындырууда эркектер менен тең тайлаша баруу көп айымдарды кооптондурат. Анткени күч жетпей калышы мүмкүн деген да жагдайлар бар. Менин оюмча, аял киши да эрктүүлүгүн жана чыдамкайлыгын көрсөтө алат. Альпинизмге келип, кайра кеткен айымдар үй-бүлөнү карап, баланы тарбиялаш керек үчүн гана айласыздан артка кайтат. Анткени биздин коомдо үй-бүлөдөгү түйшүктүн көбү аял кишинин милдети катары жүктөлүп калган. Мындай жагдай болбогондо бул спорттун түрүндө айымдар да көп болмок.

Мен альпинизмге келгенден бери эч бир эркек кишиден басынтууну байкаган жокмун. Командада көпчүлүк учурда жалгыз болуп калам. Андыктан жалаң гана алардын колдоосун көрүп келе жатам. Бир эле мисал айтайын, Манаслу чокусун багындырууга барган кыргыз командасы атайын күтүп туруп, биринчи мени чокуга чыгарышкан. Азыркы күнгө чейин алардын бул кадамын сыймыктануу менен айтып келем.

Альпинизм эмне берет?

- Альпинизм, эң биринчиден, топографиялык карталарды тактап алууга чоң жардам берет. Негизи алардын баскан жолу, багындырган чокусунун максаты дал ушундай болгон. Мындан тышкары мамлекет баалуу кен байлыктардын мекенин, таза суунун калдыктары, мөңгүлөрдүн кору, жан-жаныбарлардын түрлөрү, өсүмдүктөрдүн көп түрдүүлүгү жана ушул сыяктуу маалыматтарды альпинисттердин арты менен билип алышат. Мындай маалыматтарды чогултууда альпинисттердин жардамы өтө чоң.

Ошол эле учурда бул жашооңдун бир маңызы болуп калат. Бир жолу эле чокуга же тоого чыгып, жүрөгүңдүн тынчтыгын сезип, сенин аларга болгон сезимиңди ойготуп алсаң, тоолор сени коё бербейт. Кайра-кайра келип, таза абадан дем алып, жүрөктөгү уйгу-туйгу сезимдериңди тынчтандырып алууга бул бийиктиктер жардам берет. Шаардын ызы-чуусунан алып качып, кайра өзүнө чакыра берет.

Анан да чокулар чыныгы адамдык сапаты бийик, ичинде бир тамчыдай да кири жок, күчтүү, кыраакы адамдар менен дос кылат. Экстремалдуу учурларда жардамга колун суна билген, акыркы чайын, бир кесим нанын сенден аябаган адамдарды жолуктурат. Дал ушундай учурларда жүрөгүң тынчып, сен издеген таза, адамдык сапаты жогору болгон жакындарды таап, иргеп аласың.

Тоолор, чокулар ошон үчүн таза жана аруу болушат.

Эверестти багындырууну көздөгөн Асел Байбагышева менен маек
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан