Борбор калаадагы Жибек-Жолу менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилиши жабылат. Бул туурасында мэриядан билдирди.
Маалымдалгандай, шаарда жолду капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда.
Бүгүн, 12-сентябрда саат 23:00дө Жибек-Жолу проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилиши асфальт басуу үчүн жабылат. 13-сентябрь күнү 08:00дө ачылат.
Белгилей кетсек, Жибек-Жолу проспектиси Тоголок-Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин реаблитация болот.