Вьетнамда катталган “Яги” тайфунунан каза болгондордун саны 197 адамга жетти. Ал эми жаракат алгандардын саны 800дөн ашып,128 жаран дайынсыз болууда. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, кечээ каза болгондордун саны 141ге жеткен.
Ханой аймагында дарыя жээгинен ашып, көптөгөн жолдорду суу каптады. Тоолуу аймактарда жашаган миңдеген тургундар коопсуз жайга эвакуацияланды.
“Яги” бороон-чапкыны өлкөдө 7-сентябрда башталган. Ал өлкөнүн түндүгүндө көптөгөн ири заводдор жана кампалар жайгашкан аймактарда катталып, катуу суу ташкындарына жана жер көчкүлөргө алып келди.
Сентябрдын башында бороон Кытайдын түштүгүндө жана Филиппинде каптаган.
Белгилей кетсек, бүгүн, 12-сентябрда президент Садыр Жапаров Вьетнамдын президенти То Ламга “Яги” тайфунунун кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.