Саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу атасын УКМК камакка алганын билдирди (видео) 

Малайзиянын мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров УКМК тарабынан кармалды. Бул туурасында анын уулу Руслан Бекназаров социалдык баракчалардын биринен билдирип, коомчулукка түшүндүрүү иретинде кайрылуу жасаган.

Анын айтымында Азимбек Бекназаров бүгүн, 12-сентябрда УКМКга убактылуу өкмөткө байланыштуу маселелер боюнча суракка барып, кармалган. Ал ошондой эле иштин материалдары менен толук тааныштыгы жок экендигин билдирип, акыркы учурда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин жакыны атасына чалып, эки пост чыгарып коюуну өтүнгөнүн белгиледи.

“Кечээ атама Камчыбек Кыдыршаевичтин жакын адамы чалып, кайра-кайра текст берип, "чыгарып койсун деп суранып жатат, ушуну чыгарса эле маселе бүтөт эле" дешти. Текстте эки негизги пункт бар болчу. Биринде "Кемпир-Абад маселеси боюнча жаңылыптырбыз, Кемпир-Абад боюнча материалдар менен таанышып чыктык, көрсө бул келишимден Кыргызстан чындап эле пайда көргөн экен" делсе, экинчисинде "Камчыбек Ташиевди Өзбекстандын баатыры деп ачууга алдырып айтып алыптырмын, бирок Камчыбек Ташиев чыныгы кыргыз баатыры экен" деген маанидеги текст болчу. Атам Кемпир-Абад боюнча материалдарды көрө электигин, андыктан мындай билдирүүнү чыгаруу туура эместигин айткан. Атам СИЗОдо отурганда аксакал катары саясий маселени саясий жол менен чечүүнү сунуштап, тараптар ынтымакка келели деген. Бирок атам бирөөнүн өтүнүчү менен башка бирөөнүн текстин жарыялоого караманча каршы болчу", - деди Руслан Бекназаров.

Азырынча УКМКнын басма сөз кызматы Бекназаровдун кармалышы жана анын уулу Руслан Бекназаровдун билдирүүсү боюнча эч кандай маалымат бере элек.

Эске салсак, Азимбек Бекназаров 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакка алынган. Ал 2024-жылы 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан акталган.

Руслан Бекназаровдун билдирүүсү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан