Москвада эң чоң жашылчалардын көргөзмөсү алдында ири көлөмдөгү ашкабак аныкталды. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
Маалыматта жеңүүчү аталган ашкабактын салмагы 817 килограмм болгондугу айтылат. Бул расмий түрдө каттала турган орусиялык рекорд экендиги маалыматта белгиленген. Буга чейин рекорддук көрсөткүч 600 килограммды түзгөн.
Ал эми көргөзмө ишемби күнү Москва мамлекеттик университетинин Ботаникалык бакчасынын аймагында ачылат.