Бүгүн, 13-сентябрда Чүй облусунун Сокулук айылындагы борбордук стадиондун курулушуна старт берилди. Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Бул туурасында атайын кызматтын маалымат борбору кабарлады.
УКМК башчысы бул жерде футбол стадиону гана эмес, тиешелүү инфраструктурасы бар заманбап спорт комплекси да куруларын, анын жалпы аянты 15 миң чарчы метрден ашарын белгиледи. Ошондой эле мамкурулушка Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте тийиштүү долбоорду даярдоону тапшырды.
Мындан тышкары Ташиев өлкө боюнча спорттук объектилерди куруу, реконструкциялоо иштери жүрүп жатканын айтып, жакынкы келечекте эл аралык деңгээлдеги мелдештер өткөрүлөрүн кошумчалады.