Израилдин Газа дагы аба соккусунан 11 адам каза тапкандыгы айтылды

Газадагы ооруканалардын биринин дарыгери Израиль тараптан келген аба соккудан 11 адам каза болгондугун айтты. Бул туурасында BILD басылмасы жазды.

Маалымдалгандай, набыт болгон жарандардын төртөө өспүрүмдөр жана үчөө аял киши болгон.
Кошумчалангандай ракета Туффадагы турак жайдын үстүнө түшкөн. Израиль аскерлери азырынча бул тууралуу маалымат берген эмес.

Ошол эле учурда Ливандын "Хезболла" тобу Израиль тарапка 55 ракета учурганыны маалыматта айтылат. Ракеталар эл жашабаган аймактарга түшүп, өрт кырсыгы катталган. Ал өз учурда өчүрүлгөндүгүн жана ага жооп кайтарылгандыгын Израиль аскерлери билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан