Москва шаардык соту Египет тарабынан экстрадицияланган "Дато Сван" деген ат менен белгилүү болгон мыйзамдагы ууру Дэвид Чачибайды соттоду. Бул тууралуу Москва шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
"Москва шаардык соту Давид Чачибайды он беш жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кести", - деп айтылат билдирүүдө.
52 жаштагы Давид Чачибайга (2013-жылдын 12-сентябрына чейин фамилиясы Герлиани болгон) Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча айып тагылган. Биринчиси, кылмыш иерархиясында жогорку кызматты ээлөө. Экинчиси, өзгөчө ири өлчөмдө уюшкан топ тарабынан жасалган опузалоо.