Молдовада президент түз эфирде отурганда жер титирөө болду (видео)

Молдованын тургундары бүгүн, 16-сентябрда кечинде жер титирөөнү сезишти. Табигый кырсык өлкөнүн президенти Майя Санду катышкан түз эфирде болгонун Молдованын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Жер титирөө учурунда президент Санду Moldova 1 телеканалында түз эфирде чыгып жаткан. Ошол учурда катуу жер титирөө болгон. Президент алгач эмне болуп жатканын түшүнбөгөндөй абалда туруп калган.

"Бул жерде кызыктуу бир нерсе болуп жатат, бул биздин премьера - түз эфирде жер титирөө", - деп белгиледи алып баруучу.

"Ушундай окшойт", - деди Майя Санду.

Румыниянын Жердин физикасын изилдөө институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү 5,5 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Вранча сейсмикалык зонасында, Румыниянын Бузэу шаарынан 57 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Жер титирөөнү Молдованын, Украинанын түштүгүндөгү Одесса облусунун жана Болгариянын тургундары да сезишти.

Молдовада президент түз эфирде отурганда жер титирөө болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан