Борбордук Европада суу ташкынынан каза болгондордун саны өсүүдө (видео) 


Дем алыш күндөрү Борбордук Европаны каптаган селден каза болгондордун саны 16га жетти жана өсүү уланууда. Дүйшөмбү күнү жаңы курмандыктар Чехияда, Польшада жана Австрияда катталып, Румыниянын чыгышында бүтүндөй айылдар суу алдында калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Өлкөнүн түштүк-батышында жайгашкан Польшанын Ниса шаарынын мэри Кордиан Колбиарз жергиликтүү тургундарды дамба бузулгандыгына байланыштуу, бийик жерге көчүүгө үндөдү.


Польшанын премьер-министри Дональд Туск селден жапа чеккендерге жардам катары болжол менен 260 миллион доллар бөлүнөрүн айтып, Польша Евробиримдиктен жардам сурай турганын кошумчалады. Ал эми Тусктун өкмөтү өзгөчө кырдаал жарыялады.

Өлкө боюнча миңдеген адамдар эвакуацияланды. Көпчүлүк жерде жолдорду сел алып, суу каптап, поезддердин кыймылы токтотулган.


Эске салсак, дем алыш күндөрү Борбордук Европага Борис бороону нөшөрлөгөн жамгырды жана бороон-чапкындуу шамалды алып келген. Анын жыйынтыгында дамба жарылып, Борбордук Европаны суу каптаган. Буга чейин 6 адам каза болгону айтылган.

Борбордук Европа
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан