Ошто тергөөчүнү сабоого шектелип кармалган 4 жаран бир айга камакка алынды

Ош шаарындагы түнкү клубдардын биринин алдында тергөөчүнү сабоого шектелип кармалган 4 жаран бир айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Ош облустук сотунан билдирди.

Маалымдагандай, Ош шаардык соту 11-сентябрда Ош ШИИБинин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) 2-бөлүгүнүн 12-пункту (Бейбаштык) жана 16-пункту (Алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан) менен айыпталып жаткан К.Э., А.А., К.А. жана Т.У. аттуу жарандар 9-октябрга чейин камакка алынган.

Эске салсак, 13-сентябрда ИИМ Ош шаарында тергөөчүнү сабаган деген шек менен 22, 21 жана эки 23 жаштагы жаран кармалганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан