Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат үчүн айып пул салууну сунуштады.
Министрлик иштеп чыккан "Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 27-августта коомдук талкууга коюлду.
Документке ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын социалдык тармактарын колдонуу менен жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушталды.
Мыйзам долбоору коомдук кызыкчылыктарды, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында сунушталып жатканы айтылат.