Жерде күчтүү магниттик бороон башталды

Дээрлик төртүнчү даражадагы магниттик бороон (5 даражанын ичинен) Жерде Күн чыгарган плазмалык булут өткөндөн кийин башталган. Бул тууралуу Орусия илимдер академиясынын Космос изилдөө институтунун Күн астрономиясы лабораториясы билдирди.

Окумуштуулардын айтымында, магниттик бороон көпкө созулбашы керек. Мындан улам Жердин батыш жарым шарында – бүт Канадада жана Америка Кошмо Штаттарынын түндүк штаттарында нурлар байкалууда.

"Айланадагы космостук газдын параметрлеринин секирүүсү болжол менен саат 01:30да катталып, таңкы саат 04:30 чамасында эң кескин өзгөрүүлөр болгон. Бул учур жер үстүндөгү магнитометрлер тарабынан 3,66-деңгээлдеги магниттик бороондун башталышы катары катталган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 30-июлда жер бетинде август айынын башына чейин созулган күчтүү магниттик бороондор болгон. Мындан тышкары дагы бир магниттик бороон август айынын орто ченинде, ошондой эле өткөн аптада болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан