"Кыргызда оору болду". Депутат Акаев айылдарга, көчөлөргө адам аттарын ыйгарбоого чакырды (видео)

Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев айыл, шаар, көчөгө адам аттарын берүүдөн алыс болууга чакырды.

Жыйында Министрлер кабинети тарабынан Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облусундагы айрым айылдардын аталыштарын өзгөртүүнү сунушталган мыйзам долбоору каралып жаткан.

"Мисалы, Чүйдөгү Покровка, Военно-Антоновка, Новомихайловка жана Киров айылдарынын аталыштары өзгөрүп жатканын колдойм. Биз тарыхый инсандарды, өлкөнүн өнүгүшүнө эмгеги сиңген инсандарды сыйлайбыз. 17 айыл өзгөрүп жатат. Ошонун 12сине адамдын ысымы берилип жатат. Ушундай практикадан келечекте кетишибиз керек. Мындай жол менен кетсек соо айыл калбайт. Кыргыздарда ушундай оору болуп калды, "сөзсүз атамдын атын бир көчөгө берип калайын" деген. Ошону жетишкендик катары элестетип алганына таң калам. Мындай идеология болбошу керек.

Мисалы, Италияда Леонардо Да Винчи деген көчө же район жок. Англияда Шекспир же Черчилль атындагы көчө барбы? Мына борбордо бир көчөнү 3-4кө бөлүп алып, ат талашып отурабыз. Адам аттарынан башка кыргызча мыкты аталыштар бар. Мисалы, Ала-Тоо, Арча-Бешик деген сыяктуу. Кара-Буура районун Айтматов деп алмаштырганда каршы болгом. Азыр сайттарды карагыла, Айтматов районунда мал шарп болду, жол кырсыгы болду деген жаңылыктар", - деди Акаев.

Ошондой эле ал райондук билим берүү бөлүмдөрүнө дагы адам ысымдары коюлуп жаткан учурлар катталганын айтты.

Эске салсак, парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйынында айыл-кыштактарга адам ысымдарын ыйгарбоого үндөгөн.

Жогорку Кеңеш 17.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан