Адам ысымдары менен аталган жерлерде ызы-чуу көп болот. Бул тууралуу бүгүн, 13-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев айтты.
Ал айыл-кыштактарга адам ысымдарын ыйгаруудан алыс болууга чакырды.
"Мына Аксы районундагы бардык айыл өкмөттөрдү адам аттарынан алып, жер-суу аттары менен атадык. Мисалы, Сары-Челек, Кара-Камыш, Кош-Дөбө деп. Эч кандай нааразычылык болгон жок. Адам аттары менен аталган жерлерде ызы-чуу көп. Биздин кыргыздын атактуу, татыктуу уул-кыздары көп экен. Бирок алардын баарынын ысымдарын ыйгарууга айыл-кыштактарыбыз жетпейт", - деди Шакиев.