Донецктеги Украинск шаары орус аскерлеринин көзөмөлүнө өтүп, ал жерге желек илинди. Бул тууралуу Риа Новости агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазып чыкты.
Басылманын маалыматына караганда, салгылашуудан кийин орус аскерлери Украина көзөмөлдөп жаткан Украинск шаарын бүгүн, 17-сентябрда бошоткон.
Орус аскерлери шаардын четиндеги шахтага желек илишкен.
16-сентябрда орус аскерлери Курск облусунун Успеновка жана Борки конуштарын бошоткон.