Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Бишкек шаарында скутерлер жана элетросамокаттардын ишине убактылуу тыюу салууну сунуштады. Мындай пикирин эл өкүлү бүгүн, 18-сентябрдагы парламенттин жыйынында билдирди.
Депутат буга себеп катары калаада скутерлердин катышуусунда жол кырсыктары катталып жатканын жүйө келтирди.
"Бүгүнкү күнү Бишкек шаарында көптөгөн жол кырсыктары скутерлердин айынан болуп жатат. Адам өмүрү кыйылган учурлар катталууда. Скутерлерди айдаган балдар 20га жашы жетпеген балдар болуп жатат. Бүгүнкү күнү борбордун инфраструктурасы ага шайкеш келеби же жокпу деген суроо жаралды. Самокаттарды тротуар менен айдай турган болсо, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн сүзүп кетишүүдө. Жолго чыгып алышууда, анан барып унааларды сүзүп жатышат.
Мунун баарын иретке койгонго чейин Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан эле убактылуу чектөө киргизип койсо болот. Шаардын инфраструктурасы жооп бербейт деп", - деген Ажибаев президенттин парламенттеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков самокат, мопед, скутер тепкендерди жөнгө салуу эрежелери иштелип жатканын айткан.