Бишкекте электр самокаттарынын катышуусунда жол кырсыктары көп болууда

Бишкекте электр самокаттарынын катышуусунда жол кырсыктары көп катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Милициянын кайгуул-күзөт полкунун кызматкерлери тарабынан мото, скутер жана электр самокат каражаттарын пайдалануучулардын коопсуздугун жогорулатуу, жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана коргоочу шаймандарды милдеттүү түрдө кийүүгө чакырды.

Бишкек ШИИББи жол кырсыгына кабылган учурда биринчи кезекте 102 номуруна байланышуу керектигин эскертти.

Электр самокаттар жана аз кубаттуулуктагы электр транспорт каражаттары менен жүрүүдөгү жол кырсыктары көп катталууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан