Казакстандын Коргоо министрлиги жарандарын ушак-айыңдарга реакция кылбоого чакырды

Коңшу Казакстандын Коргоо министрлиги ЖККУнун алдыдагы машыгууларына байланыштуу расмий билдирүү таратты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 26-сентябрдан 7-октябрга чейин Алматы облусундагы “Берег” полигонунда ЖККУнун “Бузулбас бир туугандык-2024” командалык-штабдык машыгуусун өткөрүү пландалууда.

Күжүрмөн даярдык боюнча тапшырмаларды аткаруу үчүн 18-сентябрдан тарта Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын аскерлери техникалары менен машыгуу өтүүчү жерге келе баштайт. Аскер кызматчылары темир жол жана автомобиль транспорту менен Алматы жана Жетысу облустары аркылуу өтөт.

"Ушуга байланыштуу жарандарды жана ЖМК өкүлдөрүн социалдык тармактарда тараган ушак-айыңдарга реакция кылбоону жана расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан