Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов Чүйдөгү Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев менен чырдаша кеткени боюнча комментарий берди.
"Мен барып ызы-чуу салдым, көйгөй чечилет", - деди Кокулов.
Толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыздар.
Кечээ социалдык тармактарда депутат менен мэр тирешкен видео тараган. Аны Кокулов бөлүшүп, Токмок шаарына жарандардын көйгөйүн угуу үчүн барганын айткан.
Видеодон эл өкүлү алгач калаа башчысынын иш бөлмөсүнө барып, маселени талкуулаганы экөө чогуу жерине келгенин, жеринде алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, кайым айтышканын көрүүгө болот.