Ливанда кайрадан жарылуулар болду

Ливанда пейжерлердин массалык жарылуусунан кийин башка байланыш түзүлүштөрү жарылганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул ирет Ливандын бир нече аймагында байланыш апараттары жарылган. Бир сааттын ичинде жүздөгөн адамдар жарадар болуп, айрым жерлерде өрт чыккан. Алардын арасында акыркы үлгүдөгү электроника жабдылган мотоциклдер, автоунаалар жана скутерлер да жарылган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жабдуулар алгач титиреп, анан жарылууда.

Эске сала кетсек, кечээ Ливанда кибер чабуулдан улам пейжерлер массалык түрдө жарылган. Андан үч миңге жакын адам жарадар болгон. Белгилүү болгондой, бул Израилдин Ливанга каршы операциясы. Чалгындоо кызматтары жардыруучу заттарды Ливанга импорттолгон тайвандык пейжерлердин жаңы партиясына катканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан