Ысык-Көл облусунун «Чыгыш электр» ААКсы электр энергиясын үнөмдөө максатында мекемелерде электр буу казандарын пайдалануу мөөнөтүн кыскартууда. Бул тууралуу «Чыгыш электр» ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, облус боюнча электр буу казандарын 50 кВт жогорку чыӊалууда пайдалануучулар саат 09:00дөн 10:00гө чейин, кечки саат 18:00-19:00гө чейин өчүрүп туруусу тийиш. Бул норманы сактоону көзөмөлдөө максатында азыркы учурда акционердик коом мамлекеттик техинспекциясы менен бирдикте атайын рейддерди жүргүзүүдө.