"Кийинки жылы алтын алып келем". Президенттин колунан сыйлык алган Алихан менен маек

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө бул жолу Эл аралык олимпиадага катышып келген Алихан Айдарбеков болмокчу. Ал жакында эле Египеттин Алехандрия шаарында өткөн информатика сабагы боюнча олимпиадага барып, күмүш медаль тагынып келди. Билимге умтулган окуучу менен маек куруп, жеңиштен кийинки сезимдери менен тааныштык.

Алихан Айдарбеков учурда Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 11 классынын окуучусу. Ал окууну аяктаган соң чет өлкөдө билим алууну пландап жүргөнүн айтты.

- Байгелүү орундар менен келген окуучуларга президент сыйлыктарды тапшырды, учурда сенде кандай сезимдер болуп жатат?

- Президент чакырып, өз колу менен сыйлык тапшырганына абдан сүйүндүм. Олимпиадан орун алып келгендерди сыйлаганы биринчи жолу болду.

- Бул олимпиадага баруу үчүн канча убакыт даярдандың?

- Информатиканы окуганыма 3 жылдай болуп калды. 8-класстын аяктарында Бишкектеги Чынгыз Айтматов лицейине барып даярданып баштагам.

- Буга чейин дагы кандай сынактарга катыштың эле? Ийгиликтериң менен бөлүшүп өтсөң.

- Эл аралык олимпиада жыл сайын ар башка мамлекетте болуп турат. Былтыр Венгриянын Сегед деген шаарында өткөн. Ал жакка барып коло медаль алып келгем.

- Азаматсың! Мектепти бүткөндө кайсыл окуу жайга тапшырасың? Чет өлкөдө окуп келүү пландарың барбы?

- Буюрса чет өлкөдөгү алдыңкы окуу жайларга тапшырам.

- Учурда билим алуудан тышкары дагы эмнелер менен алексиң?

- Окуудан тышкары спорт менен алек болом. Бош убакыт болуп калса эс алам.

- Спорт менен машыгам деп калдың, кайсыл түрү менен?

Футболго кызыгам. Бош убактарда досторум менен ойноп турабыз.

-Эң сонун! Олимпиададан жеңиш менен келгенде ата-энең аябай кубанса керек, алардын сезимдери менен бөлүшүп өтсөң.

- Ооба абдан кубанышты. Олимпиадага кетээрде күмүш алып келем деп айттым эле аларга.

- Ал эми мектептеги агай-эжейлериң дагы сүйүнүп, сыймыктанып жатышса керек.

- Ооба алар дагы аябай сүйүнүштү. Жеңишимди укканда лицейден агайлар чалып куттукташты. Ал эми 8-сентябрда Бишкекке учуп келгенде Нарындан агайлар келип тосуп алышты.

- Билимге умтулган жаштардын катарында экенсиң, кандай китептерди окуйсуң? Китеп көп окусаң керек.

- Китеп окусам информатика, математикага тиешелүү китептерди окуйм. Кээде адабий китептерди окуп калам.

-Аа. Алдыда дагы кандай пландарың бар?

- Кийинки жылы Эл аралык олимпиададан алтын алып келүү башкы планым.

- Ооба, буюрса алтын алып кел. Ал эми быйылкы атаандаштарың жөнүндө айтсаң, кандай даярдыктар менен барышыптыр.

- Чындыгында ар бири өз алдынча даярданат. Кээде лагерлерге барып, чогу даярданабыз. Быйыл 20-августтан 31-августка чейин Москвада Казакстандын, Орусиянын командасы менен чогуу даярданганбыз.

- Азаматсың! Окууларыңа ийгилик. Маек үчүн рахмат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан