"Чөп өспөй калат", Бишкекте унаасын газонго коюп кеткендерге айып салынды

Бишкек шаарында унааларын газондорго токтоткон айдоочуларга чара көрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

"7-Апрель көчөсүндөгү жашыл аянтка үч айдоочу унаасын токтоткон. Аларга карата Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча жалпы суммасы 9 000 сомго протоколдор түзүлгөн", - деп билдиришти мэриядан.

Мэрия белгилегендей, айдоочулардын кайдыгерлигинен улам жашыл аянт бузулуп, чөп өспөй калат. Мындай иш-аракеттер мыйзам чегинен тышкары жана борбор шаардын көркүн бузат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан