Интернетте Казакстандын коргоо министри Руслан Жакшылыков генералдарды урушуп жаткан видео тарады. Кадрда ал алдындагы столду уруп, командирлерди тилдеп жатканын көрүүгө болот.
"Коом бизден эмнени талап кылат? Биринчи кезекте жоокерлердин амандыгы керек", - дейт ал.
Жыйында Жакшылыков абадан коргонуу күчтөрүнүн башкы колбашчысынын орун басары, полковник Сыздыковду кызматтык талаптарды толук аткарбай жатканы үчүн сынга алган.
Бул боюнча казак басылмалары дагы жазып, акыркы 4 жылда аскерден каза тапкандардын саны 310го жеткенин белгилешти.
Эске салсак, 7-сентябрда Маңгыстау облусундагы аскер полигонунда жаш жоокер лейтенант аткан октон каза болгон.