Казакстанда катардагы жоокер лейтенант аткан октон каза болду

Казакстандын Маңгыстау облусунда аскер полигонунда октон жаракат алган аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалыматтарга караганда, каргашалуу окуя 7-сентябрда "Оймаша" полигонунда машыгуу учурунда орун алган. Анда взвод командиринин тапанчасынан атылган ок катардагы жоокердин бетине тийген. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жетпей көз жумган.

Өлкөнүн Башкы аскердик прокуратурасы бул факты боюнча "Атайылап киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголуп, шектүү камакка алынганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан