Кыргызстандыктар улуттук ишембиликке катышты: кийинки этап – Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү

14-сентябрда Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтүп, ал Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата даярдыктын бир бөлүгү болду. Президент Садыр Жапаров мамлекет башчысынын администрациясынын кызматкерлери менен «Теплые ключи» ден-соолукту чыңдоо комплексинин аймагында ишембилик өткөрдү.

Садыр Жапаров белгилегендей, экология мамлекеттин туристтик жагымдуулугуна түз таасирин берет.

"Тазалык – биздин айлана чөйрөгө жана өзүбүзгө карата мамилебизди көрсөтөт. Биз келечекти жана жаш муунга эмне калтырабыз деп ойлонуу зарыл", - деди президент.

Ошондой эле ал жарандарды айланасындагы таштандыларга кайдыгер карабай, тартипти сактоо үчүн жоопкерчиликтүү өз мойнуна алууга чакырды.

Бир жумадан кийин, 21-сентябрда Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында эл аралык экологиялык акцияга кошулат. «Эко Деми» коомдук фондунун жетекчиси Айжан Чыныбаеванын айтымында, бул демилге дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарды бириктирет.

"Биз буга чейин улуттук ишембиликти өткөрүү менен маанилүү кадам таштаганбыз, бирок бизди андан да чоң масштабдагы акция күтүп турат. 21-сентябрда өлкөбүздү таза жана келечек муундар үчүн жакшыраак кылуу үчүн бизге кошулгула", - деп баса белгиледи ал.

Алдыдагы ишембиликке байланыштуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев да кайрылуу жазады. Ал жарандарды Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн белгилеп, борбор калаадагы ишембиликке чыгууга чакырды.

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү – 2008-жылдан бери жыл сайын сентябрдын үчүнчү ишембисинде өткөрүлүүчү глобалдык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча иш-чарасы. Кыргызстан ага алты жылдан бери «Эко Деми» коомдук фондунун колдоосу менен катышып келет, анын жетекчиси Айжан Чыныбаева акциянын өлкөдөгү элчиси.

«Эко Деми» фонду экологиялык маалымдуулукту жана жаратылышты сыйлоо маданиятын жогорулатууну көздөйт.

Эске сала кетсек, 2022-жылдан бери Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен жылына эки жолу – күз жана жаз айларында улуттук Тазалык күндөрү өткөрүлөт.

Кыргызстандыктар улуттук ишембиликке катышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан