Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясында мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Бул боюнча мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 21-сентябрда билдирди.
Иш-чарага гвардиянын штаб башчысы Алмазбек Абдибаитов, "Кыргыз тили" коомунун президенти Раимжан Курбанов, президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев жана башкалар катышты.
20-сентябрда орун алган самаалыкта “Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө” кыска метраждуу даректүү тасма тартууланды.
Иш-чара ырчылардын, акындардын жана аскердик оркестринин аскер кызматчыларынын катышуусундагы майрамдык концерттик программа менен коштолду.