Белгилүү Comedy Club шоу берүүсүнүн жабылышы тууралуу билдирүү тамаша экенин орусиялык басылмалар жазышты.
Шоунун продюсери Гарик Харламов жана алып баруучу Павел Воля программанын жабылышы тууралуу билдирүүлөрүн четке кагып, бул 20-сезондун тамашасы болгону менен түшүндүрүшкөн.
"20-сентябрда Comedy Club берүүсүндө Харламов шоу жабылып жатканын айткан. Ошол эле учурда Павел Воля "Кош бол, Comedy Club. Салам, Comedy Club'дын жаңы 20-сезону" деп шоунун жаралуу тарахын айткан" деп жазды Коммерсантъ басылмасы.
ЖМКлар жазгандай, 19-сентябрда Comedy Club'дын жабылышы тууралуу маалыматты ТНТ каналынын басма сөз кызматы да тастыктаган.
Comedy Club 2003-жылы "Жаңы армяндар" КВН командасынын мүчөлөрү тарабынан клубдук шоу катары түзүлгөн. Аталган берүү TНT телеканалында 2005-жылдын 23-апрелинен тарта эфирге чыга баштаган.