Францияда митингчилер Макрондун кызматтан кетишин талап кылууда

Кечээ, 21-сентябрда Францияда Мишель Барньенин жаңы премьер-министр болуп дайындалышына байланыштуу нааразылык акциялары өттү. Бул тууралуу Franceinfo жазды.

Президент Эммануэль Макронго каршы массалык нааразылык акциялары Парижде жана Лион, Марсель сыяктуу башка шаарларда өттү. Ал солчул “Жаңы элдик фронт” альянсынан талапкер Луи Кастени премьер-министрликке дайындабай, анын ордуна өкмөттү түзүүнү оңчул Мишель Барньеге тапшыргандан кийин миңдеген адамдар көчөгө чыгып, президенттин кызматтан кетишин талап кылышты. Митингчилер Макронду шайлоонун жыйынтыгына көңүл бурбай жатат деп айыптап, анын кызматтан кетишин талап кылууда.

Демонстраттар ошондой эле минималдык айлык акыны 1600 еврого чейин көтөрүүнү жана пенсия курагын 60 жашка чейин түшүрүүнү талап кылышты.

Нааразылык акцияларын профсоюздар, студенттик жана экологиялык кыймылдар, ошондой эле солчул саясий партиялар, өзгөчө France Unconquered партиясы уюштурган.

Эске салсак, Макрон 5-сентябрда Мишель Барньени премьер-министр кылып дайындап, өлкөнүн жаңы өкмөтүн түзүүнү тапшырган. 73 жаштагы Барнье акыркы парламенттик шайлоодо төртүнчү орунду ээлеген оңчул Республикалык партиянын өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан