УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшүн текшерип жүрөт.
Атайын кызматтын башчысы Хёндай Портер чакан жүк ташуучу автоунаасы менен баратып, көчөлөрдүн биринен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине жолугуп калган.
Ташиев алардан эмне кылып жүргөнүн сурап, айдоочулардан пара алса жоопко тартыларын эскертти.