Кытайдын TikTok платформасы орусиялык Sputnik маалымат агенттиги менен байланышкан 37 аккаунтту жаап салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Бөгөттөлгөн аккаунттарга Sputnik International, Sputnik Сербия, Sputnik Afrique, Sputnik Африка, Sputnik Бразилия, Sputnik Mundo, Sputnik Индонезия, Sputnik Абхазия, Sputnik Армения, Sputnik Беларусь жана Sputnik Stories кирет.
TikTok тарабынан бөгөт коюу себептери түшүндүрүлгөн жок.
Буга чейин Facebook, Instagram жана WhatsAppка ээлик кылган америкалык Meta компаниясы 17-сентябрда Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарынын, анын ичинде RT жана «Россия сегодня» медиасынын аккаунттарын жаап салганын жарыялап, муну «чет элдик кийлигишүү» аракети катары түшүндүргөн.
Бөгөт коюу АКШнын Орусияга каршы санкцияларын кеңейтүү фонунда болду. АКШ буга чейин “Россия сегодня” медиа тобуна, анын директору Дмитрий Киселевге, RT телеканалына жана ага тиешелүү структураларга каршы санкцияларды киргизген.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Russia Today, РИА Новости, Sputnik жана RT глобалдык дезинформациялык кампанияларга катышып, Орусиянын атайын кызматтарынын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканын билдирди.