Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү күйөөсүнүн фамилиясынан баш тартып, кайрадан Татьяна Ким болду 

Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук күйөөсүнүн фамилиясынан баш тартып, кайрадан Татьяна Ким болгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Анда ал 20 жыл чогуу жашаган күйөөсү менен ажырашып, мурдагы аты-жөнүн алганын айткан.

"Эң жакшы тандоо – ар дайым өзүң бойдон калуу", - деп билдирүү калтырган ал өзүнүн Телеграм каналында.

Эске салсак, Москванын борборундагы Wildberries кеңсесине кол салуу 18-сентябрда эртең менен болгон. Анын кесепетинен жети адам жабыркап, экөө каза болгон. Буга байланыштуу жалпысынан 33 адамга айып тагылганы, алардын арасында Wildberries компаниясынын негиздөөчүсүнүн күйөөсү Владислав Бакальчук дагы бар болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан